
.
АКШда 58 жаштагы Молли Фалко генетикалык жактан өзгөртүлгөн чочконун бөйрөгү менен бир жылдан бери жашап келет. Бул медицинадагы маанилүү жетишкендиктердин бири болду.
Аялга 2025-жылдын 22-ноябрында Массачусетс жалпы ооруканасында бөйрөк көчүрүү операциясы жасалган. Буга чейин ал бөйрөк оорусунан улам диализге муктаж болуп келген.
Операциядан кийин көчүрүлгөн орган ийгиликтүү иштеп, аял диализден арылган. Учурда ал күнүмдүк жашоосуна кайтып, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрүп келет.
Бөйрөк атайын генетикалык өзгөртүүлөр киргизилген чочкодон алынган. Окумуштуулар бул ыкма донордук органдардын жетишсиздигин азайтууга жардам берет деп үмүттөнүшүүдө.
Ошол эле учурда чочконун органын адамга көчүрүү азырынча эксперименталдык ыкма болуп саналат.