
Кыргыз футбол биримдиги өлкө аймактарындагы машыктыруучулар үчүн кайра аттестациялык семинарларын баштады. Алгачкы семинар Ош шаарында өткөрүлүп, бул программа жакынкы алты ай ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында улантылат.
Семинарга Кыргыз футбол биримдигинин техникалык директору Дайнис Казакевич катышып, машыктыруучулар үчүн жаңы билим берүү системасынын мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.
Жаңы система боюнча А, В жана С категориясындагы лицензиясы бар машыктыруучулар ар үч жыл сайын өз лицензиясын жаңыртып турууга милдеттүү болушат. Бул үчүн алар футболдук машыктыруу багытындагы кошумча билим берүү программаларына катышып, үч жыл ичинде жалпы 36 сааттык окуудан өтүшү керек.
2026-жылдын ичинде адистер лицензиясын жаңыртуу үчүн 12 сааттык окуу жүктөмүн аткаруусу зарыл.
Семинардын алкагында машыктыруучуларга футболчуларды даярдоонун жаңы методикасы тааныштырылды. Бул система Кыргыз футбол биримдигинин техникалык директору тарабынан иштелип чыгып, учурда өлкөнүн бардык аймактарында этап-этабы менен сунушталууда. Катышуучулар теориялык билим алып гана тим болбостон, жаңы методиканы практикалык түрдө колдонуу боюнча да маалымат алышты.
Кыргыз футбол биримдиги белгилегендей, жыл соңуна чейин расмий мелдештерде ар кандай деңгээлдеги жана курактагы командаларды жетектеген бардык машыктыруучулар кайра аттестациядан өтүп, өз лицензияларын ырастоого тийиш.
Аймактык семинарлардын кийинки этабы 2–3-июнь күндөрү Талас облусунда өткөрүлөт.
#kfu_kg







