
Бишкекте өткөн жолугушууда Кыргызстан менен Албания маданият жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, музей иши, маданий мурастарды сактоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Албаниянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Блерта Кадзадеж менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, музей ишин жакшыртуу жана эки өлкөнүн чыгармачыл мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле санариптик маданий долбоорлорду ишке ашыруу, биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу жана жаштарга багытталган программаларды өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр белгиленди.
Тараптар кыргыз-албан маданий-гуманитардык байланыштарын мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.



