
Кыргыз спортчусу эл аралык Азия чемпионатында күмүш медаль утуп, өлкө намысын жогору көтөрдү.
Кытайдын Хефей шаарында өткөн байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчусу Эрлан Султангазиев ийгиликтүү чыгып, 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди. Мелдешке Азиянын 19 өлкөсү катышууда. Кыргызстандын атынан үч спортчу күч сынашууда. Чемпионат 26-апрелге чейин уланат.