
Кыргыз балет артисттери эл аралык “Арабеск” сынагында ийгилик жаратып, байгелүү орундарга ээ болушту.
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Пермь шаарында өткөн Арабеск конкурсунда ийгиликтүү өнөр көрсөтүштү.
Бул абройлуу сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн жүздөгөн катышуучулар келип, жаш таланттар өз чеберчилигин тартуулашты. Кыргыз артисттери да эл аралык деңгээлдеги сахнада жогорку даярдыгын көрсөтүп, көрөрмандардын жана калыстар тобунун көңүлүн бурду.
Жыйынтыгында Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат аталып, Даяна Кыдыралиева диплом менен сыйланды.
Аларды сынакка даярдоого балет чеберлери чоң салым кошуп, чыгармачылык колдоо көрсөтүштү. Бул жетишкендик кыргыз балет искусствосунун өнүгүп жатканын жана эл аралык маданий мейкиндикте өз ордун бекемдеп жатканын айгинелейт.