
Бишкекте жаш манасчылардын республикалык сынагы өтүп, мыктылар сыйланды.
Манас театры тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында жаш манасчылардын республикалык кароо-сынак өткөрүлдү.
Иш-чарага өлкөнүн бардык облустарынан тандалып келген жаш манасчылар катышып, улуу Манас эпосунун үзүндүлөрүн аткаруудагы чеберчилигин көрсөтүштү. Сынактын максаты — эпосту жайылтуу, айтуучулук салтты сактоо жана жаш муунду колдоо.
Кароо-сынак эки багытта өттү: кыргыз тилинде жана чет тилдеринде “Манас” айтуу.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, баш байгелер жана байгелүү орундар ыйгарылды.



