
2026-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨСМдүн базасында угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаарынын чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунун орун басары Рустам Алишеров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева, ошондой эле эл аралык даражадагы спорт чебери жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Роман Царев жана грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиада оюндарынын жана дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Смадияр Жумакадыров катышты.
Коноктор өз сөздөрүндө инклюзивдик спорттун маанисин белгилеп, анын адамдын ден соолугун чыңдоодо, эрктүүлүккө тарбиялоодо жана жогорку жетишкендиктерге умтулуусун калыптандыруудагы ролуна токтолушту.
Мелдештер эл аралык эрежелерге ылайык жеке эсепте өткөрүлүп, ага Бишкек шаарында жашаган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30 спортчу катышууда.
Ошондой эле 55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг салмак категорияларында өттү.
Жеңүүчүлөр медалдар, дипломдор жана уюштуруучулар тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланышты.
ЧемпионаттыР. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби уюштурду.







