
“Евразия” соода борбору тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Евразия соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелген жаранды кармады.
Маалыматка ылайык, ал Telegram тармагындагы аккаунттар аркылуу башка адамдардан SIM-карталарды сатып алып, анонимдүүлүгүн жашырууга аракет кылган. Аталган аракеттерге бейбаштык жана укук коргоо органдарынын реакциясын текшерүү кызыгуусу себеп болгону айтылууда.
Учурда шектүүгө карата тиешелүү чаралар көрүлүүдө.