
.
Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча спортчулары Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн RG Trophy эл аралык мелдешинде ийгиликтүү өнер көрсөтүп, төрт медаль багындырышты. Турнир 2026-жылдын 31-октябрында уюштурулган.
Мелдешке Болгария, Италия, Сербия, Хорватия жана Кыргызстандын гимнасткалары катышты. Кыргызстандын курама командасын Агата Быковская жана Айдай Амангелдиева машыктыруучулары даярдаган.
Мелдештин жыйынтыгында Аяна Абдрахманова алкак менен көнүгүү боюнча 38 спортчунун арасынан экинчи орунду ээледи.
Дамелия Апасова 2018-жылы төрөлгөн спортчулар арасындагы алкак менен көнүгүүдө күмүш медаль тагынды.
Раяна Абдылдаева 2017–2018-жылдары төрөлгөн гимнасткалар арасында үчүнчү орунду багындырды.
Ал эми командалык эсепте Аяна Абдрахманова менен Ада Шкурко үчүнчү орунга ээ болушту.
Мындан тышкары, Амелия Трубина, Нелли Токтоназарова, Тәмина Абдусаматова, Эсмира Басылбаева, Айкөл Сулайманова жана София Хусаинова өз дисциплиналарында мыкты он спортчунун катарына киришти.



