
.
Бишкектеги автобустардын айдоочулары жаңы иш графигине өтүштү. Эми алар эки күн иштеп, эки күн эс алышат. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын №2 автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, жаңы график айдоочулардын толук кандуу эс алуусун камсыз кылуу максатында киргизилген. Бирок кадрлардын жетишсиздигинен улам азырынча 8 сааттык жумуш күнүнө өтүү мүмкүн болбой жатат. Айдоочулар технологиялык тыныгууларды кошкондо күнүнө 15–16 саатка чейин иштөөгө мажбур болушууда.
Бишкекте жалпысынан 1565 автобус бар. Алардын ичинен күн сайын 1250гө жакыны каттамга чыгат. Ошол эле учурда ишканага D категориясындагы айдоочулардан 600дөн ашыгы талап кылынат.
Муниципалдык ишкананын маалыматына караганда, 120 электробуска мыйзам бузууларды, анын ичинде рулда тамеки тартуу фактыларын аныктоо үчүн онлайн көрсөтүүчү камералар орнотулган.
Эгер автобус каттамда 2–3 мүнөттөн ашык токтоп турса, мониторинг бөлүмүнө автоматтык түрдө эскертүү жөнөтүлөт.
Ошондой эле айдоочулардын тартип бузуулары ар шаршемби сайын дисциплинардык комиссияда каралат. Эреже бузгандарга сый акыдан ажыратуудан тартып жумуштан бошотууга чейин чаралар көрүлөт. Ал эми айдоочунун күнөөсү менен жол кырсыгы катталса, унааны оңдоого кеткен чыгымдарды төлөп берүү милдети жүктөлөт.



