
.
Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдерди кесибине тиешеси жок иштерге тартууга тыюу салууну жана окуучулардын мектеп формасына коюлган талаптарды жеңилдетүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелешти. Документ 2026-жылдын күзүндө коомдук талкууга чыгарылып, Агартуу министрлиги тарабынан колдоо тапкан.
Мыйзам долбооруна ылайык, мугалимдерди курулуш, оңдоо, ишембилик, мектептин аймагын тазалоо жана айыл чарба иштерине тартууга тыюу салынат. Бул чектөө мектеп директорлоруна гана эмес, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына да тиешелүү болот.
Ошондой эле мугалимдер мындай тапшырмаларды аткаруудан баш тартканы үчүн жумуштан бошотулуудан, сөгүш алуудан же айлык акысынын кыскартылышынан корголот.
Мыйзам талаптарын бузгандарга төмөнкүдөй айып пул салуу сунушталууда:
Мугалимди кесибине тиешеси жок иштерге мажбурлаган жеке жактарга жана кызмат адамдарына 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;
Мындай тапшырмадан баш тартканы үчүн мугалимди куугунтуктагандарга, жумуштан бошоткондорго же окуу жүктөмүн азайткандарга жеке жактарга жана кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу каралган.
Мындай мыйзам бузуулар боюнча иштерди эмгекти коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган карайт.
Мындан тышкары, депутаттар мектеп формасына коюлган талаптарды жөнөкөйлөтүүнү сунушташууда. Ага ылайык, окуучуларга үстү ачык түстөгү, асты кара түстөгү кийим кийүү талабы коюлат. Футболка, джемпер жана джинсы шым кийүүгө уруксат берүү каралган. Кыш мезгилинде окуучуларга каалаган түстөгү жылуу кийимдерди кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Алгач мыйзам долбоорунда жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) жана электрондук тестирлөөнү акысыз өткөрүү сунушу да болгон. Бирок Финансы министрлигинин бюджеттик чыгымдарга байланыштуу эскертүүлөрүнөн кийин бул жоболор алынып, өзүнчө кароо үчүн кийинкиге калтырылган.



