
.
Бишкекте балдар сасык тумоого окшош белгилер менен ооруса, ата-энелер дарыгерлерге телефон аркылуу кайрыла алышат
Бишкек шаарында балдардан курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери байкалган учурда ата-энелер үй-бүлөлүк медицина борборлоруна чалып, медициналык адистерден кеңеш алса болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер баланын абалына жараша оорунун белгилери боюнча сунуштарын берип, кошумча текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгын түшүндүрүшөт.
Ата-энелер төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:
№1 ҮМБ — 0999 644 542;
№2 ҮМБ — 0559 203 103;
№3 ҮМБ — 0508 022 127;
№4 ҮМБ — 0704 706 773;
№5 ҮМБ — 0500 706 911;
№6 ҮМБ — 0557 570 291;
№7 ҮМБ — 0500 060 868;
№8 ҮМБ — 0700 157 609;
№9 ҮМБ — 0550 359 050;
№10 ҮМБ — 0990 507 015;
№11 ҮМБ — 0500 530 010;
№12 ҮМБ — 0501 121 293;
№13 ҮМБ — 0707 366 084;
№14 ҮМБ — 0550 103 150.
Мындан тышкары, темир жол бейтапканасына 0709 372 849 номери аркылуу байланышууга мүмкүн.



