
.
УКМК Чүй облусунда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактысын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айрым кызматкерлер белгиленген салмак-габариттик ченемдерди бузган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн айдоочулардан системалуу түрдө акча талап кылып келишкен.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 2026-жылдын 28-октябрында УКМК кызматкерлери Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинде иштеген бир катар кызматкерлерди кармашкан. Алар атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мындай мыйзамсыз аракеттер оор жүк ташуучу унаалардын белгиленген ченемдерди бузуу менен өтүшүнө шарт түзүп, автомобиль жолдоруна зыян келтирүү коркунучун жараткан.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө иштери уланууда.