
.
8-ноябрда Бишкектеги «Вефа Центр» соода борборунда кант диабетинин алдын алууга арналган маалыматтык-профилактикалык акция уюштурулат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
«Кант диабетинин тобокелдик факторлорун бил» деп аталган акция саат 12:00дөн 15:00гө чейин өтүп, ага бардык каалоочулар акысыз катыша алышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар кант диабетинин пайда болуу тобокелдиктери тууралуу маалымат алып, туура тамактануу жана сергек жашоо образы боюнча адистердин сунуштарын угушат. Анкеталык сурамжылоонун жыйынтыгында зарылчылык аныкталса, катышуучулардын канындагы глюкозанын деңгээли да өлчөнөт.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, кант диабети алгачкы этаптарда билинбей өнүгүшү мүмкүн. Анын пайда болуу коркунучуна туура эмес тамактануу, кыймыл-аракеттин аздыгы, ашыкча салмак, жаш курак жана тукум куучулук сыяктуу факторлор таасир этет.
Акциянын негизги максаты — калктын кант диабети тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана оорунун алдын алуу жолдорун түшүндүрүү.
Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эндокринологиялык борбор, Саламаттык сактоо саясатын талдоо борбору жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору биргеликте уюштурууда.
Дареги: Бишкек шаары, «Вефа Центр» соода борбору (Байтик Баатыр көчөсү, 98 / Горький көчөсү, 27/1).
Убактысы: 8-ноябрь, саат 12:00–15:00.
Катышуу акысыз, сурамжылоонун жана медициналык маалыматтардын купуялуулугу сакталат.