
.
Бишкекте Telegram аркылуу баңгизаттарды жана психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңгизаттарды жашыруун жайга катып жаткан жеринен Б.А. аттуу жаран кармалган. Анын автоунаасын тинтүү учурунда кара изолентага оролгон, ак түстөгү порошок сымал зат табылган. Ошондой эле буга чейин баңгизат жашырылган жерлердин биринен дагы таңгакталган зат алынган.
Шектүүнүн жашаган үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүдө баңгизат өстүрүүгө ылайыкташтырылган атайын жабдуулар, желдетүү жана жарыктандыруу системасы бар «Grow Box» палаткасы, ар кандай суюктуктар, таразалар жана заттарды таңгактоочу каражаттар табылган. Мындан тышкары, марихуана, гашиш жана героин алынган.
Анын уюлдук телефондорун текшерүү учурунда Telegram мессенджеринен «А» аталышындагы интернет-дүкөндүн профили жана баңгизаттарды, психотроптук заттарды, ошондой эле марихуананын үрөндөрүн сатып алууга байланыштуу башка аккаунттар аныкталган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, кармалган жаран аталган интернет-дүкөндүн уюштуруучуларынын бири болгон. Ал бир нече жылдан бери Бишкек шаарында жана Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип келген деп шектелүүдө.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган заттарды сатуу аркылуу кылмыштуу киреше 4 миллион 500 миң сомду түзмөк. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 6 миң 100дөн ашык бир жолку дозадагы баңгизаттын жана психотроптук заттын мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгарылышына бөгөт коюлган.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарын иликтөө боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.



