
.
Бишкектин борборунда жайгашкан эки ири дарыкана мөөр басылып, иштебей калды. Бул тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматты Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тастыктады.
Маалыматка ылайык, кеп Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук дарыкана, ошондой эле Токтогул көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишине жакын жайгашкан «Адмирал» дарыканасы тууралуу болуп жатат. Аталган жайлар бир жумадай убакыттан бери иштебей турат.
Департаменттин маалыматына караганда, дарыканалар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш ишин тергөөнүн алкагында мөөр басылып жабылган.
Ошол эле учурда Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат жок экендиги белгиленди.
Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы иш боюнча расмий комментарийди жана кошумча маалыматты кийинчерээк берерин билдирген.



