
.
Бишкекте түн ичинде Свердлов районундагы көңүл ачуучу жайлардын биринде топтошкон мушташ болду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2026-жылдын 1-ноябрында саат 03:28 чамасында болгон. «102» кызматына «Евразия» соода борборунун бешинчи кабатында жайгашкан «Скай Баку» кафесинде чыр чыгып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо барып, кардарлардын ортосундагы пикир келишпестик топтошкон мушташка айланганын аныкташкан.
Бул факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаңжалга катышкандардын бардыгынын өздүгү аныкталып, алар райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Кармалгандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча административдик протоколдор түзүлгөн. Алардын баары райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шаардык милиция түнкү көңүл ачуучу жайларда коомдук тартипти бузгандар мыйзам алдында жоопкерчиликке тартыларын эскертти.