
.
«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын №2 автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиевдин айтымында, айдоочулардын 165 сааттык жумуш убактысы үчүн белгиленген айлыгы 70-80 миң сомду түзөт.
Анын белгилешинче, кызматкерлер жаңы киргизилген 2/2 графиги менен иштеген учурда да белгиленген жумуш саатын толук аткарып, тиешелүү маяна ала алышат. Жаңы тартип айдоочулардын толук кандуу эс алуусун камсыз кылуу максатында киргизилген.
Буга чейин айдоочулар үч-төрт күн катары менен ашыкча иштеп, айына 100 миң сомдон ашык маяна алышкан.