
.
Бишкектеги Панфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев катышты.
Мэрдин айтымында, мындай коомдук жайларды түзүү шаардын көркүн жакшыртуу менен катар тургундардын маданий эс алуусуна шарт түзүүгө жана салттарды сактоого багытталган.
«Биздин милдет — көчөлөрдү өнүктүрүүгө, мектептерди жана инфраструктураны курууга гана эмес, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө да көңүл буруу. Биз борбор калаанын тургундары менен коноктору бул жерге келип, эс алып, музыкадан жана маданий иш-чаралардан ырахат алышын каалайбыз», — деди Айбек Джунушалиев.
Ал буга чейин да паркта музыкалык жана бий иш-чаралары өткөрүлүп, шаардыктар арасында популярдуу болгонун белгиледи. Жаңы амфитеатр ошол салттарды кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мэриянын маалыматына ылайык, мындан ары амфитеатрда ар жума жана ишемби күндөрү артисттердин, элдик өнөрпоздордун катышуусунда концерттер жана башка маданий программалар уюштурулат. Аптанын калган күндөрүндө аянтча коомдук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланылат.
Жаңы амфитеатр шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн эс алуу, маданий иш-чараларга катышуу жана баарлашуу жайы катары кызмат кылат.