
.
Баткен облусунун тургуну президент Садыр Жапаров менен жолугушууда 16 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барууга шектелип кармалган тууганына ырайым берүүнү өтүндү.
Анын айтымында, жабырлануучу кыз жана анын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган эмес.
Бирок мамлекет башчысы арыздын бар-жогуна карабастан, жигит жасаган иши үчүн жооп бериши керектигин белгиледи. Анын айтымында, 23 жаштагы жигит өзүнүн аракеттеринин кесепетин түшүнө турган куракта.
«Аны эч ким куткара албайт. Сот да, прокурор да, милиция да, мен да. Жигит башы менен ойлонушу керек. Ал 23 жашта, жасаган иш-аракеттеринин маанисин толук түшүнөт», — деди Садыр Жапаров.







