
.
Токмок шаарында 73 жаштагы аялдын өлтүрүлүшүнө шектелген 28 жаштагы жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү 25-сентябрда Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен табылган. Аялдын денесинде зомбулуктун белгилери болгон.
Бул факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 11-октябрда кармалганы белгилүү болду.



