
.
Жапаров үч баласы менен үй-жайсыз калган аялдын маселесин чечүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда үч баласы менен турак жайсыз калган аялдын маселесине көңүл буруп, тиешелүү органдарга ишти калыс кароону тапшырды.
Мамлекет башчысынын айтымында, аялдын күйөөсү аны жана үч баласын таштап, башка аялга үйлөнүп кеткен. Учурда ал аялдын үй-жай маселеси боюнча талаш жаралып, эркек киши өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүнө таянып, ага кысым көрсөтүп жатканы айтылды.
Жапаров мындай жагдайларда милиция, сот жана прокуратура адилеттүү чечим кабыл алышы керектигин белгиледи.
«Экинчи аял алгандан кийин бүт баарын таштап чыгып кетпейби. Үй-жайын, балдарын, аялын карабай башка жакка кетип калган эркектер көбөйдү. Өзүңдүн балаң болгондон кийин багышың керек да. Талаш болуп жаткан үйдү ушул эжеге, балдарына калтырып бергиле», — деди президент.
Ошондой эле ал тиешелүү органдарга аялга толук юридикалык жардам көрсөтүп, ишти мыйзам чегинде жана калыс кароону тапшырды. Президент бул маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.







