
.
Оштогу эл арасында “Туратали” деген ат менен белгилүү Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кирди. Бул тууралуу базардын Facebook баракчасында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготту. Соодагерлерге 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүү талабы коюлду.
Буга чейин, 2024-жылдын январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базары мамлекеттин карамагына өтөрүн билдирген.
Кара-Суу базары 1984-жылы негизделген. Ал кезде базар үчүн Киров колхозунан 12 гектар жер бөлүнгөн. 1987-жылы базар Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемендик алгандан кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөрүлгөн. 1990-жылдардын башында өкмөт базарды кайра өз карамагына алган.
Ошондон тартып базардын менчигине байланыштуу соттук талаштар башталган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан. Ал эми Мүлк фонду Керек-жарак коомунун базарды ээлик кылууга укугу болбогонун жүйө келтирип келген.



