
.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстанга кумшекер ташып келүүгө алты айлык убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Министрликтин маалыматына ылайык, демилге өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктогу бааларды турукташтыруу максатын көздөйт.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жылына 120 миң тоннага жакын кумшекер керектелет. Ал эми 2024–2025-жылдардагы түшүмдөн 900 миң тоннага жакын кант кызылчасын алуу болжолдонуп, андан 120 миң тоннага жакын кумшекер өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экени белгиленген.
2026-жылдын январь-июль айларында өлкөгө 67 миң тоннага жакын кумшекер импорттолгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 16 миң тоннадан бир аз ашкан. Натыйжада импорттун көлөмү болжол менен 50 миң тоннага көбөйүп, 4,06 эсеге өскөн.
Кыргызстанга кумшекер негизинен Бразилиядан, Орусиядан, Азербайжандан, Казакстандан жана Беларустан ташылып келет.
Министрлик 2026–2027-жылдарга 84 миң тонна кумшекер өндүрүү планы коюлганын билдирди. Ведомствонун эсебинде, бул көлөм импортко убактылуу чектөө киргизилген мезгилдеги ички керектөөнү камсыздоого жетет.



