
.
Кара-Балта шаарында абанын булгануу деңгээли уруксат берилген чектен төрт эсе жогору экени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Акыркы убакта шаар тургундары түтүнгө жана жагымсыз жытка нааразы болуп, үйлөрүнүн терезелерин күнү-түнү жабык кармоого аргасыз болуп жатышканын билдиришкен.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспектору Уларбек Кудайбергеновдун айтымында, абаны булгаган негизги булак катары «Азия Сталь» заводу аныкталган. Анын маалыматына ылайык, ишканада металл эритүү үчүн колдонулган индукциялык мештен зыяндуу заттар бөлүнүп чыгууда.
Инспектордун билдиришинче, аталган мешке мөөр басылып, анын ишин токтотуу талабы менен сотко кайрылышкан. Эгер ишкана мөөрдү өз алдынча алып салса, ага айып салынат. Мыйзам бузуу кайталанса, укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш ишин козгоо маселеси каралышы мүмкүн.
Ошондой эле ал атмосфералык абадан үлгүлөр үч айда бир жолу алынарын, бирок зыяндуу заттардын концентрациясы белгиленген чектен канчалык ашканы азырынча так айтыла электигин белгиледи.
Кудайбергенов апрель айындагы текшерүүдө заводго мыйзам бузууларды жоюу боюнча берилген талаптар аткарылбаганын, ошого карабастан ишкана ишин улантып жатканын кошумчалады.
Ал эми Экологиялык мониторинг департаментинин башкы адиси Рамис Мелисбек уулу Кара-Балтада абанын сапаты үч айда бир жолу текшерилерин билдирди. Анын маалыматына караганда, быйыл түнкү убакта абанын булгануу деңгээли өлчөнө элек.
Шаар тургундары зыяндуу заттар негизинен түнкүсүн бөлүнүп чыгарын айтышууда. Мындай убакта текшерүү акыркы жолу 2024-жылы тургундардын даттануусунан кийин жүргүзүлгөн.
Адис абанын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүү үчүн көчмө лаборатория сатып алуу жана абанын булгануу деңгээлин автоматтык түрдө аныктоочу станцияларды орнотуу пландалып жатканын маалымдады.



