
.
Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов мектептердин, бала бакчалардын жана аларга чектеш аймактардын жанында 14 жашка чейинки балдарга кооптуу же белгиленген талаптарга жооп бербеген товарларды саткандарга айып салууну сунуштады.
Мыйзам долбоорунда жеке жактарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу каралган. Мындан тышкары, талапка жооп бербеген кооптуу товарларды сатуудан алып коюу сунушталууда.
Демилге коомдук талкууга чыгарылды.



