
.
Кыргызстан январь-июль айларында чет өлкөлөргө 222 миң даана аялдардын күрмөсү жана пальтосун экспорттоду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 миң даанага көп.
Кыргызстанда өндүрүлгөн аялдардын сырт кийимдерине негизги суроо-талап Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдө байкалган. Экспорттун басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттерине жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясы Польша, Тажикстан, Өзбекстан, Чехия, Германия, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркияга да аз көлөмдө экспорттолгон.







