
.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсү менен №21 тергөө абагында кармалып турган эки аялдын укугу корголуп, коопсуздугу камсыздалды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда институттун ыкчам байланыш номерине М.А. аттуу жаран кайрылып, абакта отурган кызы А.Д.нын коопсуздугун камсыз кылууга жардам сураган.
Анын айтымында, кызы менен бир камерада отурган, буга чейин бир нече жолу соттолгон аял ага психологиялык басым көрсөтүп, шылдыңдап келген. Кысымдан улам А.Д. өз жанын кыюуга бел байлап, апасына коштошуу катын жөнөткөн.
Катта ал апасына: «Апа, мен кыйналып кеттим. Бул жерде өтө коркунучтуу аялдар отурат экен. Мени кечирип коюңузчу. Уулум сизге аманат», — деп жазган.
Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери №21 тергөө абагына барып, жагдайды жеринен текшеришкен. А.Д. 13-июлдан бери бир камерада отурган аял тарабынан психологиялык басымга кабылганын тастыктаган.
А.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айыпталууда. Институт кызматкерлеринин абак жетекчилиги менен сүйлөшүүсүнөн кийин ал дароо башка камерага которулган.
Мындан тышкары, ошол эле тергөө абагында кармалып турган Б.М. аттуу аялдын да кайрылуусу каралган. Ал өнөкөт кызыл жүгүрүк оорусунун 3-стадиясы менен жабыркап жатканын айтып, ден соолугуна байланыштуу бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Акыйкатчы институту белгилегендей, Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы №457 токтому менен бекитилген тизмеге ылайык, өнөкөт кызыл жүгүрүк камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын катарына кирет.







