
.
Бишкек шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында мурдагы №40 автобус каттамы №40 жана №44 болуп эки багытка бөлүндү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы уюштурулган №40 автобус каттамы Жаңы ипподромдон Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки багытта жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Мэриянын маалыматына караганда, каттамды бөлүү жүргүнчүлөрдүн агымын туура бөлүштүрүп, автобусту күтүү убактысын кыскартууга жана коомдук транспорттун жүрүү ылдамдыгын жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле бул өзгөрүү жол тыгындарын азайтуу, автобус паркын натыйжалуу пайдалануу жана шаар тургундары үчүн транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатын көздөйт.







