
.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев социалдык тармактарда депутаттарды негизсиз сындаган адамдарга карата чара көрүлүшү мүмкүн экенин айтты.
Ал парламентти «алсыз», «нотариалдык конторага айланды» деген сыяктуу пикирлерди айтып, депутаттарды негизсиз каралоодон алыс болууга чакырды.
Маматалиевдин айтымында, буга чейин Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы болуп, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңири болгон. Депутаттар премьер-министрден тартып мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине чейин дайындоо маселелерине катышып, алардын иши боюнча отчет талап кылышкан.
Төрага парламенттик жана партиялык системанын алсырашына айрым «чала саясатчылардын» аракеттери себеп болгонун белгиледи.
Ошондой эле Маматалиев коомчулук менен жакшы мамиледе болууну алсыздык катары кабыл албоого чакырды.



