
.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Айсаракан Абдибаева педофилдердин жазасын жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштабаганын билдирди.
Анын айтымында, депутат көтөргөн маселе башка өңүттө болгон, бирок коомчулукта ал педофилдерди коргогондой кабылданып жатат.
Маматалиев мындай мазмундагы мыйзам долбоорун депутаттар иштеп чыкпаганын жана аны иштеп чыгуу планы жок экенин белгиледи.
Төрага айрым учурларда тиешелүү экспертизанын жүргүзүлбөгөнүнөн же ката кетирилгендиктен күнөөсүз адамдар жоопкерчиликке тартылып калгандыгы тууралуу кайрылуулар түшүп жатканын айтты. Ал мындай фактылардын ар бирин прокуратура органдары кылдат иликтеши керектигин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин депутат Айсаракан Абдибаева «Зордуктоо» жана 16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге байланыштуу беренелер боюнча пробациялык көзөмөл колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева бул беренелер боюнча пробация мурда Кылмыш-жаза кодексинде каралганын, бирок өткөн чакырылыштагы парламент тарабынан жоюлганын билдирген.
Кийин Абдибаева өз демилгесине түшүндүрмө берип, зордукчулдардын жазасын жеңилдетүүнү сунуштабаганын ачыктаган.



