
.
Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу жигиттерди атайын «тузакка түшүргөн» жашы жете элек кыздардын жоопкерчилигин кароо боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуштады.
Бул маселени депутат бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.
Анын айтымында, мындай учурларга байланыштуу ата-энелерден көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Депутат айрым учурларда жашы жете элек кыздар өздөрүн 18 жаштамын деп тааныштырып, жигиттерди алдап, кийин алар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын белгиледи.
«Эгер мындай учурлар атайын уюштурулганы аныкталса, кыздардын да жоопкерчилигин кароо керек», — деди Рустамбек уулу.
Ошондой эле эл өкүлү бул маселени көтөргөн депутаттардын сөзүн бурмалап бергендерге карата да чара көрүү зарылдыгын айтты.



