
.
Президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун салтанаттуу ачылышына катышып, анда өлкөдө акыркы алты жылда аткарылган иштер тууралуу сөз кылды.
Мамлекет башчысынын айтымында, президенттик команда бийликке келгенине бүгүн туура алты жыл болду. Бул аралыкта өлкөдөгү абалды турукташтыруу, экономиканы өнүктүрүү жана ички-тышкы саясатты жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Жапаровдун билдирүүсүнө караганда, алты жыл ичинде Кыргызстанда 1 075 социалдык жана башка маанилүү объект курулган. Алардын катарына мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданий жайлар жана башка имараттар кирет.
Мындан тышкары, ушул мезгил аралыгында өлкөдө 521 завод жана фабрика курулганын президент белгиледи.
Ал ошондой эле алдыдагы милдеттерге токтолуп, 2027-жылы Кыргызстанда 111 жаңы мектеп куруу жана 44 райондук оорукана бөлүмүнүн курулушун аяктоо пландалып жатканын айтты.
Президенттин белгилешинче, 2028-жылдан тартып мектептердин жана башка социалдык объектилердин жетишсиздиги көйгөйү болбошу керек.



