
.
Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 100-сезонунун алкагында октябрь айында көрүүчүлөргө төрт спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, театрдын сахнасында адам тагдыры, турмуштук баалуулуктар жана коомдогу актуалдуу маселелерди камтыган чыгармалар коюлат.
Спектаклдердин тизмеси:
20-октябрь — «Төлгө» (Манастын уулу Семетей), Ж. Садыков.
21-октябрь — «Абийир кечирбейт», Т. Абдымомунов.
22-октябрь — «Чыңгызхандын ак булуту», Ч. Айтматовдун чыгармасы.
23-октябрь — «Адам» притчасы, Ж. Садыков.
Бардык спектаклдер кечки саат 19:00дө башталат.



