
.
Социалдык тармактарда «Бишкек Арена» стадионунун ачылышынан кийин самсы сатып жүргөн жигиттин сүрөтү кеңири талкууланып жатат.
Сүрөттө самсы сатып жаткан жигиттин жанында «Гелендваген» үлгүсүндөгү кымбат унаа турганы көрүнөт.
Колдонуучулардын көбү анын эмгекчилдигин жана соодадагы аракетин белгилеп, өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп, кымбат унаа айдап жүргөнүнө суктанып жатышат.



