
1-октябрда Астанадагы Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин Нура районундагы окуучулары иштеп чыккан NIS PocketQube пикоспутниги SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен космоско учурулду. Ракета АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан старт алган. Бул тууралуу Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин расмий сайты жазды.
1-октябрда Астанадагы Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин Нура районундагы окуучулары иштеп чыккан NIS PocketQube пикоспутниги SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен космоско учурулду. Ракета АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасынан старт алган. Бул тууралуу Назарбаев Интеллектуалдык мектептеринин расмий сайты жазды.
NIS PocketQube спутнигинин орбитага чыгарылышы бир нече жылга созулган билим берүү жана инженердик долбоордун жыйынтыгы болгон. Долбоорго мектеп окуучулары, мугалимдер жана Казакстандын, ошондой эле чет өлкөлөрдүн космос тармагындагы адистери катышкан.
Долбоордун алкагында окуучулар кичи спутникти даярдоо процессине түздөн-түз катышып, аны космоско учурууга даярдоо иштерин үйрөнүшкөн. Мындан ары алар спутниктен алынган телеметриялык маалыматтарды кабыл алууга катышат.
Долбоордун үстүндө иш 2019-жылы башталган. Ал эми 2020-жылы мектепте «NIS Space» космостук лабораториясы түзүлүп, 7–10-класстын окуучулары үчүн «Космостук техниканын электроникасы» атайын курсу ачылган.
NIS PocketQube — PocketQube форматына кирген өтө чакан спутник. Анын көлөмү 5×5×5 сантиметр, салмагы 250 граммды түзөт. Аппарат башкаруу, электр энергиясы жана радиобайланыш системалары, ошондой эле күн панелдери менен жабдылган.
Долбоор ишке ашырылган жылдар аралыгында спутникти жасоо иштерине мектептин 17 окуучусу катышкан. Алардын айрымдары учурда NISтин бүтүрүүчүлөрү.
Окуучулар спутниктин 3D моделин түзүп, жабдуулардын жайгашуусун эсептеп, электрондук платалар жана SMD-компоненттер менен иштешкен. Ошондой эле микроконтроллерлерди программалап, Python тилинде маалыматтарды иштетүү алгоритмдерин иштеп чыгышкан жана аппаратты жердеги сыноолорго даярдоого катышкан.
Команда бир нече жылдын ичинде кичи космостук аппаратты түзүүнүн дээрлик бардык баскычтарынан өткөн. 2022-жылдын декабрында спутник Улуттук космос борборунда термовакуумдук жана механикалык сыноолордон өткөн.
Долбоордун маанилүү бөлүктөрүнүн бири эл аралык кызматташтык болгон. Спутниктин акыркы даярдыктары Грециянын компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүп, аппарат UARX компаниясынын учуруу контейнерине интеграцияланган.
Долбоорго «Қазақстан Ғарыш Сапары» улуттук компаниясынын жана «Ғалам» ЖЧКсынын адистери да катышкан.
Спутниктен алынган маалыматтарды окуучулардын физика, астрономия, программалоо жана инженердик багыттардагы изилдөө иштеринде колдонуу пландалууда. Ошондой эле спутниктен маалымат кабыл алуу жана иштетүү үчүн атайын жердеги комплекс түзүлүп, анын жардамы менен Казакстандын бардык аймактарындагы окуучулар спутниктик маалыматтарга жеткиликтүү боло алышат.
NIS Space космостук лабораториясы келечектеги инженер-конструкторлорду, электроника жана борттук программалык камсыздоо адистерин, спутниктик байланыш, робототехника жана маалыматтарды талдоо багытындагы адистерди даярдоого багытталган аянтча болуп калары белгиленди.



