
.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева уюшкан кылмыштуу топтордон мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн айрымдары мамлекеттик кызматкерлердин короолорунан табылып жатканы коомчулуктун бийликке болгон ишенимине терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.
Ал бул маселени парламенттин 1-октябрдагы жыйынында «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда көтөрдү.
Депутаттын айтымында, кылмыштуу топтордон мамлекетке өткөн мүлктөрдү мамлекеттик кызматта иштеген айрым адамдар өз ара бөлүшүп алып же төмөн баада сатып алган учурлар боюнча суроолор жаралууда.
«Кылмыштуу топтордон алынган мүлктөрдү мамлекеттик кызматта жүргөн адамдар өздөрү бөлүп алып, менчиктештирип же ыңгайлуу баада сатып алып жатышат. Кимде бийлик болсо, ошолор гана пайдаланып жатат деген пикир жаралууда. Муну менен кантип күрөшөсүңөр?» — деди Сурабалдиева.
Ага Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов жооп берди.
Анын маалыматына ылайык, мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү ачык-айкын сатуу үчүн аларды аукционго чыгаруу тартиби мыйзам долбоорунда каралган. Мындай объектилер аукционго коюлганга чейин бир ай бою агенттиктин расмий сайтына жарыяланат. Ал эми стратегиялык объектилер тууралуу маалымат аукционго 90 күн калганда жарыяланат.
Токонов ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө объекттин баасы менен аукционго чыгарылгандагы баасы айырмаланышы мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, мүлктү баалоону жеке компаниялар жүргүзөт жана баалоонун жыйынтыгына ошол компаниялар жооп берет.
«Моюнга алышыбыз керек, тергөөдө объекттин баасы башка болуп, аукционго башка баа менен чыгып калышы мүмкүн. Баалоону жеке компаниялар жүргүзгөндүктөн, биз алардын ишине кийлигише албайбыз. Алар өздөрү баалаган объектке жооп берет. Ал эми мүлктү сатууну уюштуруу биздин агенттиктин компетенциясында», — деди ал.
Жогорку Кеңеш 1-октябрдагы жыйынында «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат.
Акыркы жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деп айтылган адамдардан жүздөгөн мүлк жана объект мамлекетке кайтарылганын билдирип келген.
Мындан тышкары, коррупцияга шектелген мурдагы аткаминерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн конфискациялоо боюнча иштер да жүргүзүлгөн.
2023-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшүнөн кийин уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп айтылган айрым адамдарга жана ишкерлерге карата мамлекетке мүлк өткөрүп берүү талаптары күчөгөн. УКМК жана прокуратура тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген деп табылган бир катар имараттар менен ишканалар мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн мындан аркы тагдыры боюнча коомчулукта да суроолор айтылып келет. Айрым учурларда мындай объектилердин кайра ижарага берилиши же пайдаланылбай калышы боюнча талкуулар болгон.
Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттары 1991–2024-жылдары менчиктештирилген айрым объектилерге мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган.