
.
5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун ачылышына байланыштуу шаар тургундары үчүн акысыз автобустар уюштурулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт 10 багыт боюнча белгиленген пункттардан жарандарды стадионго жеткирет. Иш-чара аяктагандан кийин автобустар катышуучуларды кайра белгиленген жерлерге алып барат.
Мэрия жарандарды автобустардын жөнөө пункттарына алдын ала келип, уюштурулган акысыз каттамдарды пайдаланууга чакырды.