
.
5-октябрда Бишкек шаарындагы мектептер, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик уюмдар аралыктан иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Мындай чечим “Бишкек Арена” стадионунун ачылышына байланыштуу шаардагы жол кыймылына түшчү күчтү азайтып, тыгындардын алдын алуу максатында кабыл алынган.
Ошол эле учурда шаардагы бала бакчалар кадимки иш тартибинде иштей берет.
Белгилей кетсек, 5-октябрда “Бишкек Арена” стадионунун расмий ачылыш аземи өтүп, анын алкагында чоң концерттик программа уюштурулат. Иш-чарага кыргызстандык өнөрпоздор менен катар коңшу өлкөлөрдүн белгилүү ырчылары да катышат.