
.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тиешелүү аудиториялар тууралуу социалдык тармактарда тастыкталбаган маалыматтар тарап жатат.
Аталган окуу жай социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Университетте дене тарбия сабактары №8 окуу корпусунда өткөрүлбөйт. Социалдык тармактардагы материалда жарыяланган, мындан бир жыл мурда тартылган сүрөттөрдө көрсөтүлгөн жайлар башкы корпустун жер төлөсүндө жайгашкан. Аталган жайлар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып толугу менен жабылып, пайдаланылган эмес.
Учурда аталган жайларда 1,8 млн сомдон ашык суммага оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоо иштерин жакынкы үч жуманын ичинде аяктоо пландалууда.
Ал эми дене тарбия сабактары университеттин №6 окуу корпусунда жайгашкан атайын спорт залдарда өткөрүлөт. Аталган спорт залда 2024-жылы 9 млн сомдон ашык каражатка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, студенттердин дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн №6 окуу корпусунун жанындагы эки ачык мини-футбол аянтчасы, ошондой эле башкы корпустун жанында баскетбол аянтчасы жана ошондой эле жакын арада волейбол, баскетбол оюндары үчүн атайын жабдылган эки спорттук аянтча пайдаланууга берилүү алдында турат.
Ошондой эле башкы корпуста Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, XXII жайкы Олимпиада оюндарынын алтын медалынын ээси Каныбек Осмоналиевдин атындагы оор атлетика боюнча машыгуу залдары каралган. Аталган залдарда капиталдык оңдоо иштери 2024-жылы жүргүзүлүп, ага 6 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Мындан сырткары, башкы корпустун жер төлөсүндөгүбокс залы да студенттердин машыгуусуна пайдаланылат.
Жибек-Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 16 кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышы 15-декабрда күтүлүүдө. Жаңы корпуста заманбап машыгуу залдарын жана спорттук оюн аянтчаларын уюштуруу пландалууда.
Университеттин бардык окуу корпустарында материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана студенттер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Окуу жайдын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша имараттарэтап-этабы менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек университетте 30 жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес, акыркы жылдары окуу жайда имараттарды калыбына келтирүү системдү нукка түштү.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети студенттердин сапаттуу билим алуусу, алардын руханий, маданий жана дене тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө багытталган иштерди улантууда.



