
.
Ош шаарындагы ири көчөлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысымын алып калат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, көчөгө аалымдын атын берүү боюнча сунуш шаардык кеңеш тарабынан колдоого алынган.
Мындан тышкары, Аношин көчөсүнүн атын коомдук ишмер Бегиш Аматовдун ысымына өзгөртүү сунушу да айтылды.
Эске салсак, Чубак ажы Жалиловго үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку мамлекеттик наам ыйгарылган. Ал тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак.



