
.
Нарын облусунда рейд учурунда тоо текелеринин үйүрү жана сейрек кездешүүчү илбирс видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери аймактагы өрөөндөрдүн биринде рейддик иш-чараларды өткөрүп жатып, жапайы жаныбарларга туш болушкан.
Кадрларда тоо текелеринин үйүрү жана илбирс табигый чөйрөсүндө эркин жүргөнү көрүнөт.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр Нарындын жаратылышынын байлыгын жана тоолуу аймактарда жапайы жаныбарлар үчүн ылайыктуу шарттар сакталып жатканын көрсөтөт.
Ведомство жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо, ошондой эле жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иштер улантыларын белгиледи.



