
.
Чүй облусунун Новопокровка айылында №40 автобус үйдүн дубалын сүзүп, жол кырсыгына кабылды. Окуя кечээ, Кирпичная көчөсүндөгү акыркы аялдамадан чыккан учурда болгон.
«Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын маалыматына караганда, кырсыктан жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар болгон эмес.
Учурда окуянын себептери жана жагдайлары такталып жатканы айтылды.