
.
Чүй облусунун тоолуу аймактарынын биринде эс алуучулар эки тоо текенин күч сынашкан учуруна күбө болушту. Жаныбарлардын кармашын эс алуучулар видеого тартып алышкан.
Кадрларда эки тоо текенин бири-бирин сүзүп, күч сынашып жатканы көрүнөт. Алардын айланасына башка тоо текелер жана эчкилер чогулуп, окуяны байкап турушкан.
Адистердин маалыматына караганда, мындай көрүнүш тоо текелеринин табигый жүрүм-турумуна мүнөздүү. Айрыкча көбөйүү мезгилинде эркек текелердин ортосунда атаандаштык күчөп, үстөмдүк үчүн күрөшүшөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасап, алардын жашоо чөйрөсүнө кийлигишпөөгө чакырды.