
.
Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун башкармалыгы 25-сентябрда «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасынын айланасындагы талкууга байланыштуу билдирүү таратты. Анда союз фильмди жаратуу процессине тартылбаганын белгилеген.
Билдирүүдө союздун өкүлдөрү тасма менен аны баштапкы бекитүү, концепциясын жана сценарийин иштеп чыгуу, өндүрүш жана монтаждоо этаптарында таанышууга мүмкүнчүлүк болбогонун айтышкан. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө тасманы кесиптик чөйрөдө талкуулоо үчүн чыгармачыл пленум өткөрүү демилгеси менен аларга кайрылуу болбогонун белгилешкен.
Башкармалык акыркы убакта Кинематографисттер союзуна даяр болгон чыгарма боюнча гана кайрылуулар болуп жатканын билдирген. Алар мамлекеттик буйрутмалардын алкагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууда кесиптик бирикмелердин ролун кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Союздун пикиринде, мамлекеттик бюджеттен каржыланган ири кинодолбоорлор ачык талкуудан, көркөм кеңештерден жана чыгармачыл пленумдардан өтүшү керек.
Кайрылууга Кинематографисттер союзунун төрагасы Бусурман Одуракаев баштаган он чакты мүчө кол койгон.
«Жусуп» тасмасы Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына карата тартылган. Тасманын бет ачары 16-сентябрда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында өткөн. Андан кийин фильм социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.
Тарыхый-көркөм тасмада XX кылымдын биринчи жарымындагы окуялар, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ролу жана анын мекенине болгон берилгендиги баяндалат. Тасманын тартуу иштери Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.
Фильмдин режиссёру — Кыргызстандын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы азыркы Ысык-Көл облусунун аймагында төрөлгөн. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө маанилүү роль ойногон алгачкы мамлекеттик ишмерлердин бири болгон.
1937-жылы Абдрахманов камакка алынып, антисоветтик ишмердикке байланыштуу айыпталган. 1938-жылдын 5-ноябрында өлтүрүлгөн. Анын сөөгү кийин Ата-Бейит мемориалдык комплексине коюлган.
Абдрахмановдун күндөлүктөрү жана саясий эмгектери архивдерде сакталып, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин китеп түрүндө жарык көргөн. Анын өмүрү жана мамлекеттик ишмердиги тууралуу тарыхчылар тарабынан бир катар изилдөөлөр жүргүзүлгөн.