
.
Ош шаарындагы №68 орто мектепке 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгон аскер кызматкери Бектур Ыслам уулунун аты ыйгарылды.
Ага байланыштуу 25-сентябрда мектепте эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Ош шаардык аскер комиссариатынын өкүлдөрү, 2022-жылдагы чек ара жаңжалынын ардагерлери жана Бектур Ыслам уулу менен бир полкто кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери катышты.
Бектур Ыслам уулу 1991-жылы туулган. Ал Баткендеги №2001 аскер бөлүгүнүн «Лейлек автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинде прапорщик, улук көзөмөлдөөчү болуп кызмат өтөгөн. 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда каза болгон. Артында эки баласы жана кош бойлуу жубайы калган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толук тактала электе эки өлкөнүн ортосунда бир нече ирет куралдуу кагылыштар болуп, адам өмүрлөрү кыйылган.
2021-жылдын апрелиндеги кагылышта расмий маалымат боюнча, Кыргызстандан 36 адам, Тажикстандан 19 адам каза болгон. Ал эми 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандан кеминде 75 адам каза тапкан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз тарабынан 41 жарандын өмүрү кыйылганын билдирген.
Эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган.
2025-жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашууга кол коюшкан. Учурда чек ара тилкесине тосмо зым тартуу иштери жүргүзүлүп жатат.