
.
Кыргызстанда үйлөрдө, унааларда жана өндүрүш ишканаларында колдонууга ылайыкталган ата мекендик өрт өчүрүүчү каражаттар өндүрүлүүдө.
Компаниянын кеңешчиси Даниел Ибраимовдун маалыматына караганда, продукциялардын арасында үйлөргө жана батирлерге ылайыкталган чакан өрт өчүргүчтөр жана өрт чыккан учурда автоматтык түрдө иштей турган түзүлүштөр бар.
Мындан тышкары, унааларда, өндүрүш ишканаларында жана тазалык талаптары жогору болгон медициналык жайларда колдонулуучу каражаттар чыгарылууда. Алардын айрымдары аэрозолдук технологиянын негизинде иштейт.
Ибраимовдун айтымында, каражаттардын курамындагы заттар адамдын ден соолугуна зыян келтирбейт.
Продукциянын акыркы баасы азырынча аныктала элек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, чакан өрт өчүрүүчү каражаттардын баасы 5 миң сомдун тегерегинде болот.