
.
25-26-сентябрда Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөр жаан-чачындан улам сел жүрүп, ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат.
Синоптиктердин маалыматына караганда, 26-сентябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда жаан карга айланышы мүмкүн. Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болуп, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13°, күндүз +23...+25° болот.