
.
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында кезектеги президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Аны 86 депутат колдоп, добуш берди.
Мындан мурда президент Садыр Жапаров шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, кезектеги президенттик шайлоо өлкө башчысынын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленди.
Мыйзамга ылайык, президенттикке 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана Кыргызстанда жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган, Кыргызстандын жараны талапкер боло алат. Ошондой эле талапкерди каттоо үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун колдоосун билдирген кол топтоо талап кылынат.