
.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт
Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын президентин кезектеги шайлоону дайындоо тууралуу токтом долбоорун кабыл алды. Ага 86 депутат «макул» деп добуш берди.
Токтомго ылайык, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Бул күн шаршембиге туш келгендиктен, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев шайлоочулардын добуш берүүгө активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн шайлоо күнүн жумуш күнүнө белгилөө чечими кабыл алынганын билдирди.
Анын айтымында, шайлоо күнү добуш берүүгө катышкан жарандардын ошол күндөгү эмгек акысы сакталат. Добуш берүүгө барбаган адамдарга эмгек акы төлөө маселеси башкача караларын белгиледи.
Ошондой эле Маматалиев президенттик жана депутаттык шайлоого талапкер болгон учурда кызматын убактылуу тапшыруу милдети мыйзамда каралбаганын айтты. Бул талап учурдагы мыйзамдарда белгиленгенин белгиледи.
Төрага шайлоо процессин ашыкча саясатташтырбай, мыйзамда белгиленген тартипти сактоо зарылдыгын кошумчалады. Анын айтымында, шайлоонун мөөнөтү, тартиби жана ар бир этабы мыйзам менен так аныкталган.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кезектеги президенттик шайлоону дайындоо Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирет.